10.01.2019 16:08

Экинчи аракет: Үч саясатчы Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалынын директорунун үстүнөн кайра доо арыз беришти

Экинчи аракет: Үч саясатчы Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалынын директорунун үстүнөн кайра доо арыз беришти

Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложниковго карата сотко кайрадан доо арыз жолдошту. Бул тууралуу April.kg порталына доогерлердин расмий өкүлү Динара Ашымова билдирди.

Анын айтымында, доо арыз толукталып, бүгүн кайра сотко өткөрүлдү. «Биз арызга «Апрель» – телеканал, ЖМК экендиги тууралуу маалыматты коштук. Кененирээк маалыматты кийинчерээк беребиз», - деди Ашымова.

Медиа Полиси Институтунан April.kg порталына билдиришкендей, жарандык-процессуалдык мыйзамга ылайык, доогер сотко арыз менен кайрылып жатканда бир катар талаптарды сакташы керек.

Тактап айтканда, доо арызга көчүрмөсү, ишеним кат тиркелип, андан сырткары, ишенимдүү өкүлдүн колу коюлушу зарыл. Эгерде бул талаптардын бири аткарылбаса, сот доо арызды өндүрүшкө алаардан мурун, доогерге кемчиликтерди жоюуга убакыт берет. 

Белгиленгендей, саясатчылардын доо арызы 26-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жиберилген. Доогерлер арызды тиешелүү түрдө толтурбагандыктан, 28-декабрда сот бул кемчиликтерди жоюу үчүн 9-январга чейин убакыт берген. Доогерлер бул убакыт аралыгында эч нерсе кылышкан эмес, мындан улам, 9-январда сот өндүрүштү токтотуп, арызды кайтарып берген.  

Эскерте кетсек, мурунку саясатчылар Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий  Ложниковдун үстүнөн сотко арызданып, ар биринен 9 миллиондон өндүрүп берүүнү суранышкан. Алардын нааразычылыгына  - экс-президенттин 10-декабрда «Апрель» телеканалына маек берип жатып, бул адамдар тууралуу айткан сөздөрү себеп болгон.

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников April.kg порталына өз чындыгын коргош үчүн мурунку саясатчылар менен соттошууга даяр экенин билдирген. Телеканал маекте айтылган сөздөргө төгүндөө бербейт. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин сөздөрүндө жалаа, же фактыларды бурмалоо жок.